Депутат Бишкектеги май куюу бекеттерин шаардын сыртына чыгарууну сунуштады

«Бишкекте бүгүнкү абаны машиналар булгап атат деп баарыбыз айтып атабыз. Андан бөлөк, мына 96 май куюучу бекет бар экен шаарда. Бүгүнкү күндө аймактык реформанын алкагында алардын саны 126га чейин көбөйөт. Аларды шаардын сыртына чыгаруу керек. Ошондо абабыз да тазаланып, ден соолукка да зыян келбейт эле», — деп билдирди ал бүгүн 16-майда парламенттин жыйынында.

Түмөнбаев ушундай токтом же мыйзам долбоорун кабыл алуу сунушу менен Минкабдын жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.