❗️ Эртең Бишкек шаардык соту «Клооп Медианы» жоюу боюнча апелляциялык даттанууну карайт

Мындай чечимге Бишкек шаарынын прокурору Эмилбек Абдыманнаповдун өткөн жылдын август айынын аягында берген доо арызы негиз болгон. Доонун себеби катары басылма «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылган. Бирок арыздын көбү такыр башка темага арналган — «Клооп» өлкөгө тескери таасир тийгизип жаткан имиш.

«Клооп Медианы» жоюу боюнча сот чечимин бир катар эл аралык уюмдар айыптап, аны жокко чыгарууга үндөшкөн.