«Алгач толкундануу болуп жаткан, анткени мурда тергөөдө күбө катары чакырылгандагы мамиле жаман маанай калтырчу эле. Азыркы тергөөчүнүн мамилеси, комитеттин өкүлдөрү баары жакшы. Элге ачык болуу керек жана мен эл алдында жакшы да, жаман да мамилени тартынбай айтам» — деди ал.
Атайын кызмат Нарматованын суракка чакырылганы боюнча комментарий бере элек жана «Бүтүн Кыргызстан» фракциясына байланыштуу кайсыл иш териштирилип жатканы белгисиз.