УКМК: Кыргызстанда мыйзамсыз иштеген 28 чет элдик жаран кармалды

Маалыматка ылайык, алардын визасынын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен. Кармалгандар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Буга чейин Бишкекте мобилдик транспорт менен жеткирүү кызматтарында иштеген 400дөн ашык чет элдик студенттин иши токтотулган.

ИИМден мындай чаралар чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда «жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу жана алар аралашкан кылмыштарды алдын алуу жана аныктоо үчүн жасалып жатканын» билдиришкен.