Документте кендерди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп, аны мамлекет көзөмөлгө алары жана уран менен торийди казып алуу менен алардын айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери жазылган.
Февраль айынын ортосунда кыргыз бийлиги Кызыл-Омпол кениндеги торий жана уранды чыгарууну көздөп жатканы белгилүү болгон.
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, муну менен миңден ашык жумуш орду түзүлүп, кенден түшкөн кирешенин 100%ы өлкө бюджетине түшөт. Ал Кызыл-Омполдун өзүн «экинчи Кумтөр» деп атаган.
Кызыл-Омполду өнүктүрүү маселеси 2019-жылдын апрель айында эле талкууланган. Анда Ысык-Көл облусунда жана Бишкекте уран казууга каршы нааразылык акциялары өткөн. Ошол эле жылдын декабрь айында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамга кол койгон.