Жалал-Абаддагы стадион реконструкциядан кийин ачылды — ал жакта VAR системасын орнотулат

КФС стадион эми Азия футбол конфедерациясынын жана Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына толугу менен жооп берерин белгиледи. Бул эл аралык расмий оюндарды жана мелдештерди өткөрүүгө жол ачат.

«“Курманбек” стадионунун дагы бир өзгөчөлүгү ал арбитрлерге видеожардам көрсөткөн VAR-системасы орнотула турган өлкөдөгү биринчи арена болот», — деп билдирди КФС.

Объекттин ачылышына 15-майда КФСнин президенти, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышты. Ал кыргыз курамасы менен малай курамасынын матчы ушул стадиондо өтүп калышы мүмкүн экенин билдирди. Ошондой эле Ташиев жыл аягына чейин өлкө боюнча 12 стадион реконструкцияланарын кошумчалады.