«Ал эми калган статистикаларга токтолсом: Түркияда 13, Тажикстанда 9, Казакстанда 5, Италияда 5, Венгрияда 4, Германияда 2, Египетте 2, Сауд Арабияда 2, Түштүк Кореяда, Чехияда, Францияда, Моңголияда 1ден жараныбыз бар», — деди Сыдыков.
Ошондой эле Сыдыков чет мамлекетте соттун өкүмдөрү чыгып, жазасын өтөп жаткан жарандардын саны 1587 киши экенин кошумчалады.
Өкмөт Жогорку Кеңешке чет элде камалган кыргызстандыктарды өлкөсүнө алып келүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөгөн документти сунуштады. Демилгечилердин айтымында, документ чет өлкөдө камалган кыргызстандыктарды өлкөгө алып келүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү шарттайт.