Марттын аягында Финансы министрлиги укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын, ошондой эле министрликтин өзүнүн депозиттик эсептеринде мамлекетке «ыктыярдуу же мажбурлап» компенсация катары алынган 20 млрд 445 млн сом сакталып турганын билдирген.
Бирок бир нече күндөн кийин Ташиев министрликтин маалыматын эскирген маалымат деп, 20 млрд — бул нак акча деп тактоо кылган. Анын айтымында, эгер мамлекетке өткөн мүлктү жана башка каражаттын баарын эсепке алганда, «кустуризациядан» казынага 100 млрд сомдон ашык каражат түшкөн.
Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бийликке келгенде алдамчылык жана коррупция үчүн кармалган саясатчылар же ишкерлер мамлекетке келтирген зыяндын ордун кайтарып берген соң эркиндикке чыгып кете ала турган «кустуруу» программасын башташкан.