УКМК «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидеринин орун басарын шайлоо жагдайын иликтеп жатат

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Исхак Масалиев атайын кызмат өзүнүн орун басары Гуля Кожокулованын шайланып келүү жагдайын иликтеп жатканын «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, УКМКга арызды парламент өкүлдөрүнүн бири жазганын жана өзү дагы анын алкагында сурак берип чыкканын айтып, бул жагдайды «саясий куугунтукка жол ачкан кадам» катары сыпаттаарын айтты.

«Кимди кандай шайлайбыз, бул биздин өзүбүздүн ички ишибиз. [...] Бюджеттен акча бөлүнбөсө, мамлекетке зыян келбесе, атайын иш бөлмө, кызматтык унаа берилбесе, эмнеге тешкерет? Биз залда жыйын өткөрүп, пикир алышып эле бекиткенбиз. Мыйзам буга каршы келбейт», — деди Масалиев.

Атайын кызмат бул билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Бир күн мурун аталган фракциянын экс-депутаты Орозайым Нарматова атайын кызматка сурак берүү үчүн барган. Анын айтымында, ал «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары боюнча күбө катары суракка алынган.