Жапаров мурдагы президенттердин катасын кайталабасын билдирди

Өлкө башчы «шектүү шекшинет» деген макалды эстеп, анын «бир туугандары Исхак Масалиевдей ууру же "казиношник"» эместигин кошумчалады. Ал тескерисинче, туугандары чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга инвестиция алып келип жатышканын белгиледи.

«Мурдагылардын катасын кайталабагыла, алардын катасынан сабак алгыла, өмүр бою жашооңор Кыргызстанда өтөөрүн унутпагыла, эл менен болгула!” деп дайыма эскертип турам. Мен дагы мурдагылардын катасын кайталабайм. Үй-бүлө, бир-туугандарымды мамлекеттин ишине аралаштырбайм. Буга күчүм жетет», — деди Жапаров.

Президент ууруларды ачыкка чыгарып туруу керектигин, ал эми бийлик «он эселеп, жүз эселеп кайра кайтартканга» даяр экенин белгиледи.

«Эгер Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров же Болот Темировдор алтын тармагы эле эмес, башка тармактарда дагы уурулук болуп атат деген күмөндөрү болсо, мен бүгүн эле элдик көзөмөл комиссиясын түзүп, аларды эң башкы сабына адис кылып койгонго даярмын», — деди ал.