«Акысыз дарыланат». Бишкектеги тополоңдо жабыркагандардын саны 41ге жетти

Шаардык тез жардам ооруканасында башынан жаракат алган жана жамбашы сынган эки бейтап жатат — алардын абалы туруктуу. Ал эми Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө бир жабырлануучу дарыланууда, анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

«19-майда дагы чет элдик сегиз жаран Эл аралык медициналык университеттин клиникасына жаткырылган. Экөөнүн мурду сынып, калгандарында баш мээси жабыркап, ооруксунуп калган. Баары дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык», — дешти министрликтен.

Министр Айлымкадыр Бейшеналиев жабыркагандарды көргөнү барды. Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен бейтаптардын дарылануусу акысыз болот.