Ататүрктөгү акция: Парктын аймагындагы курулуштарды бузуу башка күнгө жылдырылды

20-майда Борбор калаадагы Ататүрк паркынын аймагындагы бузулат делген үйлөрдүн ээлери эс алуу багынын күн чыгыш тарабына чогулуп, мэриянын чечимине каршы акция уюштурду.

Мэрия парктын аймагын калыбына келтирип, ал жердеги үйлөрдү 20-майдан тарта сүрдүрүүнү чечкен. Бирок ал тургундардын чогулушунан соң кийинкиге жылдырылды.

Тургундар эмне дейт?

Ататүрк паркына нааразычылык билдирип чыккан эл. Сүрөт: «Клооп»

Нааразы болгондордун бири үйүнө кызыл китепти мамлекеттик каттоодон өтүп алганын айтып, чогулушка өз укугун коргогону чыкканын белгиледи.

«Кызыл китеп дегенде ишенесиң да эми. Мамлекет берип жатат. Кызыл китеп алгандан кийин, үй салам деп аласың да. Мен өзүм Орусияда иштедим. 90-жылдардан кийин оор жашоо башталганда, жумуш жок. Ошол мезгилде кеткенбиз. Мага окшогондор толтура. Бир ай мурда мэриядан билдирүү келди. Отуз күндө үйдү бошотуп коет экенбиз. Үй салыш үчүн адам жарым өмүрүн берет, керек болсо бир өмүрүн берет. [...] Укугубузду коргойлу деп, бийликтегилерге үнүбүздү жеткирели деп чогулуп жатабыз»,— деди ал.

Дагы бир тургун мурда үй курууга жерди мэрия бөлүп бергенин бегилеп, азыркы бийлик жаңы чечим менен «элдин башын айлантып жатат» деп эсептейт.

«Мэрия “20-майда экскаватор алып келип бузабыз” деп жатпайбы. Бул бийликтин сүйлөй турчу сөзү эмес да. Биз укуктук мамлекетте жашайбызбы же криминалдык өлкөдөбү? Ташиев менен президент “криминалды жоготуп жатабыз” дейт, мэриянын ичиндеги кримианлдарды өстүрүп жатабыз. [...] Ал [үй курууга жер берген] токтомду мурункулар чыгарган. Мурункулар чыгаргандан кийин, аны сот бузат, мэрия буза албайт», — деди ал.

Бийликтегилер эмне дейт?

Ататүрктөгү эл менен жолкканы келген аким Жаныбек Орозалиев. Сүрөт: «T-Медиа»

Нааразы болгондор менен Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жолукту. Ал курулуштарды сүрдүрүү иши башка күнгө жылдырылганын айтты.

«1992-жылдан бери парктын чек арасын аныктоого бир дагы бийликтин, шаар жетекчилигинин эрки жеткен эмес. Максат сиздердин жерди бузуп, тартып алуу эмес, парктын аймагын кабылына келтирип туруп, ошого жараша иш алып баруу», — деди ал.  

Аким парктагы үйлөрдүн бузулар-бузулбасын сот чечерин белгиледи. Мэрия дагы бул боюнча 90 доо арыз даярдалып, 19у сотко жөнөтүлгөнүн айтып, «кызыл китеби барлардын иши мыйзам чегинде сотто караларын» билдирди.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынын аянтын 1992-жылдагы калыбына келтирүү жөнүндө токтомго 12-апрелде кол койгон. Ага ылайык, мурда парктын аймагына кирген 43 гектар жер кайтарылып, 100дөн ашуун имарат бузулары айтылган.

Мэрия парктын аймагындагы мыйзамсыз курулган делген имараттарды 20-майдан баштап сүрдүрүүнү чечкен. Жунушалиев тийиштүү жетекчилерге сотко арыз берүүнү тапшырган.  

ТЕМА БОЮНЧА:
Депутаттар Ататүрк паркындагы үйлөрдү сүрдүрүүгө каршы чыгып, жер мунапысын жарыялоону сунушташты 

Мэрия: «Ататүрк» паркындагы курулуштарды бузуу иштери 20-майга пландалды