Бишкектеги тополоңго байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Министрлик соцтүйүндө чет өлкөлүк жарандарга күч колдонууга чакырган жана жалган маалымат таркаткандар аныкталса жоопко тартыларын эскертти.

«Ички иштер башкы башкармалыгы шаарда абал туруктуу экенин, жана кадимки жашоо образына кайтууга боло турганын билдирет», — деп милиция чет элдик жарандарга кайрылуу жасады.

18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы башаламандык катталган. Ага 17-майда соцтүйүндө «чет элдиктер менен кыргыздар аралашкан» деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараганы себеп болгон.

ИИМ түндө чогулгандардын саны 700гө чейин жеткенин, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген. Бул окуяда жалпы 29 киши жабыркаганы кабарланган. Азыркы тапта иш козголуп, иликтенип жатат.