Кара-Суу менен Ноокатта мыйзамсыз иштеген майнинг фермалардын ишине бөгөт коюлду

Аталган майнинг фермалардын ээлери «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамды бузуп, каттоодон өтпөй, тиешелүү уруксат кагазы жок, салык төлөбөй, мыйзамсыз криптовалюта өндүрүп келгени айтылат.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды жана мамлекетке келтирилген чыгымдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 25ке чукул майнинг ферма катталган. Ал эми өткөн жылы бюджетке майнинг жана оюн-зоок ишмердүүлүгүнөн 190 млн сомдон ашык салык түшкөнү кабарланган.