Өкмөт Бишкектеги тополоңдо жабыркаган чет элдик студенттерге кенемте төлөп берүүнү карап жатат

«Министрлер кабинети учурда жабыркаган чет элдик студенттерге келтирилген чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо. Мындай компенсация кандай формада жана кандай мөөнөттө жүргүзүлөрү кошумча жарыяланат», — деди Байсалов.

Ошондой эле, жыйында Бишкекте чет элдик студенттер жашаган жатаканада болгон окуя жана окуу процессин калыбына келтирүү, студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу маселелери да талкууланды.

18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы башаламандык катталган. Ага 17-майда соцтүйүндө «чет элдиктер менен кыргыздар аралашкан» деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараганы себеп болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги аталган окуяда жалпы 41 киши ооруканага кайрылып, 20-майга карата бейтапканаларда 11 киши дарыланып жатканын билдирген.

Ал эми, Билим берүү министрлиги чет элдик студенттерди бир жумага онлайн окууга которгон.

Сүрөт: «Кабар» агенттиги