Оң рулдуу унааларды каттоого уруксат берүү сунушталды

Долбоордо жарандар «оң рулдуу унаалардын баасы төмөн, техникалык абалы жакшы болгондуктан сатып алып жатышканы» айтылат. Бирок, аларды каттоого тыюу салынгандыктан каттоодон өткөрө албай жатышат.

Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча өткөн жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 873 миң 592 жеңил унаа катталган. Анын 127 миң 842си оң рулдуу унаа болгон. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата өлкөдө 1 млн 171 миң 454 жеңил унаа катталса, анын 174 миң 826сы оң рулдуу.

2015-жылдын мартында Кыргызстанда оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынган. Мындай чечимди ошол кездеги бийлик «оң рулдуу автоунаалар озуп өтүүдө айдоочунун сол тарабы көрүнбөгөндүктөн унаа кырсыктарына кабылып жатат» деп негиздеген.