Төрт ай ичинде 36 бала өз жанын кыйды

Маалыматка ылайык, жашы жете электердин суицидге баруусу өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 20 пайызга көп.

Ошондой эле, Аширходжаев январь-апрель айларында 17 өспүрүм сууга чөгүп кеткенин кошумчалады.

Өткөн жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча 1832 иш козголгон.

Анын 478и Бишкек шаарында, Чүй облусунда — 427, Ысык-Көл облусунда — 119, Жалал-Абад облусунда — 220, Ош облусунда — 225, калгандары Талас, Нарын жана Баткен облустарында катталган.