Акыйкатчы өкмөттү чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугун камсыздоого чакырды

«Бул жаңжал боюнча маморгандар тез арада ар тараптуу чараларды көрүүгө тийиш. Учурдагы кырдаалды жөнгө салуу гана эмес, келечекте ошондой окуяларга жол бербөө да керек. […] Өлкөнүн бардык тургундары жана коноктору өздөрүн коопсуз сезе турган шарттарды түзүү үчүн өкмөт, укук коргоо органдары, Билим берүү мекемелери жана коомчулук биргелешип иштеши керек деп эсептейбиз», — деди Жаманбаева.

Эл өкүлү Мейкинбек Абдалиев тополоңдун катышуучулары индиялык жана пакистандык студенттер эместигин, окуяда кыргызстандык жарандардын дагы күнөөсү бар экенин милиция убагында билдириши керек болчу деп белгиледи.

13-майда бир нече кыргызстандык чет өлкөлүк студенттер менен мушташып, алардын телефон жана акчаларын тартып алышкан. Мушташтын видеосу соцтүйүндөрдө таркап, бул 18-майда улуттар аралык толкундоолорго алып келген, натыйжада бери эле дегенде 41 адам жабыркаган. Жабыркагандардын арасында чет өлкөлүктөр бар.