Милициядан 18-майда таңга маал белгисиз төрт киши Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа менен «Дордой» базарына жакын жердеги үйгө барып, чет элдиктерди сабап, белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирди.
Бул боюнча «Массалык башаламандык» жана «Бейбаштык» беренелери менен иш козголуп, 25 жаштагы шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Унаасы айып короого токтотулду.
Учурда окуяга тиешеси бар башка шектүүлөр изделүүдө.