Депутат Жумабеков ыдыкка каршы күрөшүү үчүн коомдук транспортто айгай баскычтарын орнотууну сунуштады

«Акыйкатчы балдар жана аялдар жөнүндө маалымат берди, алар ыплас аракеттерге кабылып жатканы тууралуу. Аял кишилерге мындай нерселердин 90%ы коомдук транспортто болот деди, 90% деген бул коркунучтуу нерсе да. Бул жапайычылык», — деди Жумабеков.

Эл өкүлү мындай көрүнүштөргө каршы күрөшүү үчүн автобустарга айгай салган баскычтарды орнотууну сунуштады. Анын айтымында, эгер андай баскычтар орнотулса, ыдыкка кабылган балдар, кыздар жана аялдар айдоочуга билдирүү үчүн аны баса калышмак. «Андан кийин укук коргоо органдары тез арада, ыкчам чара көрмөк», деп кошумчалады эл өкүлү.

Иллюстративдик сүрөт