Эми бардык коммерциялык эмес уюмдар эки айдын ичинде «чет элдик өкүлдүн» реестрине катталышы керек

Маморган жобо 16-май күнү эле бекитилгенин кошумчалады. Эми өлкөдөгү бардык коммерциялык эмес уюмдар эки айдын ичинде бул реестрге катталууга милдеттүү.

Садыр Жапаров 2-апрелде «чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Анын айтымында, бул мыйзам пайда гана алып келет, себеби «баары ачык жана бирдей берилген шартта иштейт». Ошондой эле Жапаров коммерциялык уюмдарга эч кандай куугунтук болбойт деп ишендирген.

Мындан ары Кыргызстанда чет өлкөдөн каржы алып, «саясий ишмердүүлүк» жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик өкүл» деп таанылат — Орусиянын «чет элдик тыңчы» термининин аналогу. Андай коммерциялык эмес уюмдар кошумча отчётторду берүүгө жана пландан тышкаркы текшерүүлөргө дуушар болушу ыктымал. Ошондой эле алар атайын реестрге киргизилет.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочу уюмдары бул мыйзамдын ченемдери жарандык коом уюмдарынын ишин өтө эле чектеп коёорун жана репрессивдүү мүнөзгө ээ экенин бир далай жолу билдиришкен.