14-майдагы сот отурумунда Дүйшөбаевдин абалы начарлап, залдан аны замбилге салып чыгарып кетишкен. Анын адвокаты Акын Авазбеков соттон анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранган.
Ал эми Дүйшөбаевдин тууганы анын кан басымы жана канындагы сахардын көрсөткүчү жогору болуп жатканын айтып, аны сотко алып келүү менен «ачык эле кыйноого өтүштү» деп баалаган.
2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган. Кийин сот айрым саясатчылар үй камагына чыгарса, кээ бирин абакта калтырган.