Президент Таластагы оңдоп-түзөөдөн өткөн аэропортту ачты

Садыр Жапаров өз сөзүндө «Талас» аэропортунун ачылышы «Кыргызстандын тарыхында жаңы баракты ачып жатат» деп белгиледи.

Ошондой эле, ал «Талас» аэропорту 1979-жылы курулуп, Советтер союзу тарагандан кийин иши токтотулуп, кийин болсо учуп-конуу тилкесин толугу менен оңдоп-түзөө иштери талап кылынгандыгына жана аэродромдун жасалма төшөлмөлөрүнүн эскилиги жеткендигине байланыштуу жабылгандыгын кошумчалады.

Учурда ондоп түзөөдөн өткөн аэропорт саатына 100 кишини өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экени айтылды.

Президент жакын арада «Каракол», «Тамчы» эл аралык аэропорттору, «Казарман», «Кербен» , «Баткен» аэропортторунун учуп-конуу тилкесин ондоп-түзөө боюнча иштер аягына чыгып калганын белгилеп, «Баткен» эл аралык аэропорту жер-жерлерден келген учактарды кабыл алып баштагынын билдирди.