Бишкектеги башаламандык: ИИМ депутат Бекешевдин дооматы чындыкка дал келбесин билдирди

«13-майдын түнүндө жатакананын алдында болгон окуядан соң, чакырык түшкөндө өз убагында [...] милициянын ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Окуя өз убагында катталып, процессуалдык чечим кабыл алынган», — деп айтылат министриликтин билдирүүсүндө.

Ведомство ошондой эле 18-майга караган түнү болгон окуялардын бардык фактылары жана жагдайлары «дыкат каралып, иликтенет» деп билдирди.