Ошондой эле алар Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жаранды көргөнү барды.
Пакистандын ТИМинин маалыматына ылайык, жабырлануучу Пакистанга кайтып, өз өлкөсүндө дарылгысы келип жатканын айткан. Ал ооруканадан чыгып, министр менен Пакистанга жөнөп кеткен.
Ал эми Байсалов жолугушуу учурунда пакистандык өкүлдү өлкөдө чет элдик студенттерге жылуу-жумшак мамиле болот жана жакында борбор калаадагы окуяга күнөөлүүлөр жоопко тартылат деп ишендирди.
«Тараптар өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар кыргыз-пакистан достук мамилесине доо кетире албасына канааттанганын билдиришти», — деп айтылат минкабдын маалыматында.