Чет элдик жарандарга каршы массалык баш аламандык уюштурууга шектелип дагы беш адам кармалды

Маалыматка ылайык, окуя болгон 18-май күнү саат 04:30дар чамасына Бишкек шаарында жайгашкан тигүү цехине 60-70 белгисиз адам кирип келип, ишкананын мүлкүн талкалап, ал жерде жашап, иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарын сабап денесине залал келтиришкен. Акчаларын, уюлдук телефондорун алып качып кетишкен.

Аталган факт катталып, «Массалык баш аламандык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө тигүү цехине материалдык зыян келтирилип, чет элдик 14 жаран жабыркап, алардын үчөөсү ооруканага жаткырылганы аныкталган.

Шектүү катары 56, 29, 21, 19 жаштардагы 5 тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.