Милиция Бишкекте чет элдик студенттерге кол салган дагы эки шектүүнү кармады

Кармалган 21 жана 25 жаштагы эки тургун Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милициядан билдиришкендей, 18-май күнү түнкү саат 01:00 чамасында белгисиз адамдар жалган билдирүүлөрдү таратуу менен коомдук тартипти одоно бузуп, массалык баш аламандыктарды уюштуруу максатында Бишкек шаарындагы жатаканалардын бирине кирип келип, анда чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирип, алардын мүлкүн жок кылуу менен материалдык зыянга учураткан.

Аталган факт боюнча «Массалык баш аламандык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин, милиция чет элдиктерге кол салган 18-19 жаштардагы 3 шектүүнү жана тополоң учурунда кишилерди чет өлкөлүктөр жашаган жерге ташып барган 25 жаштагы шектүүнү кармаган.