«Пакистандыктарды сабаган 18-19 жаштагы балдарды тарбиялайбыз» — Акылбек Жапаров

Ошондой эле ал өлкөгө келген конокторду «Кудайдын коногундай» тосуп алып турмайын бизнес алдыга кете албайт деп айтты. Мындан сырткары, ал эгер чет өлкөлүктөр мыйзамды бузса же «салтка туура келбеген иштерди» жасаса өлкөдөн чыгарыларын кошумчалады.

«Бирок татынакай иштеп, экономикабызды көтөрүп, убагында кирип, убагында чыгып кетип жатса, биздин жарандар иштебеген жумушту аркалап жатса же бизге жетишпеген адистер келсе, аларды сый-урмат менен тосуп алууну унутпайлы. Биздин жарандар деле бир топ өлкөдө иштеп жүрөт», — деди Жапаров.

Жапаров бул билдирүүсү менен 18-майга караган түнү Бишкекте улуттук аралык мүнөздө болгон тополоңго комментарий берди. Бул окуядан кийин өлкөдө иштеп жана окуп жүргөн жүздөгөн пакистандык Кыргызстандан чыгып кеткен.