Садыр Жапаров 1-июлдан тартып пенсияларды жогорулатуунун биринчи этабы башталарын билдирди

«Социалдык төлөмдөрүбүз менен жөлөк пулдарыбыз да жашоо минимумунан жогору турган чекке тез арада жеткирүү үчүн талыкпай иштейбиз. Ооба, албетте, буга бир нече жылдар керек, ошентсе да бул максатка сөзсүз жетебиз», — деди ал.

2023-жылдын ноябрында Соцфонддун башчысы Бактияр Алиев өлкөдө минималдык пенсия 1800-2000 сомдун тегерегинде экенин айткан.