УКМК: Деструктивдүү күчтөр жана Көлбаевдин УКТсынын мүчөлөрү өлкөдөгү абалды курчутуу максатында видеотасма даярдашкан

Атайын комитет маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү жана кыйратуучу саясий күчтөр видеотасма даярдаганын билдирди.

УКМКнын билдирүүсүндө, алардын максаты — «улуттар аралык кастыкты күчөтүү, өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алуу» болгон.

«Учурда видеотасманы уюштурууга жана даярдоого катышкан бардык адамдар аныкталып, алардын мыйзамсыз ниетин документтештирүү боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК мындай билдирүүнү 18-майга караган түнү болгон башаламандыктардан кийин жасады. Буга чейин президент Жапаров болгон окуядан «абалды курчутууга кызыкдар башка күчтөр пайдаланып калышканын» айткан. Жапаровдун айтымында, «бийликке келе албагандар, коррупцияга каршы күрөшкө макул болбогондор жана эркинен ажыратылгандар атайылап WhatsApp топторду жана фейк аккаунттарды түзүп, провокациялык маалыматтарды таратышкан».