❗️Жалал-Абадда мотоцикл коюп кеткен төрт кишинин бирөө көз жумду

Маалыматка ылайык, 20-май саат 20:20 чамасында Байзаков менен Республика көчөлөрүнүн кесилишинде мотоцикл кырсыктан качууга аракет кылып, рулду башкара албай калган. Анын унаасы жолдон жөө адамдар өтүүчү аймакка чыгып, эки аялды жана бир баланы сүзүп кеткен.

Ооруканага жалпы 4 киши жаткырылып, алардан бирөө каза болду.

Ал эми милициядан окуя боюнча азырынча маалымат берише элек.