Акын Аскат Жетиген абакта кыйноого кабылганын билдирди

Аскат Жетигендин айтымында, 20-мартта кармалган соң аны мекеменин кызматерлери үч күн кыйноого алган. Бул боюнча акын акыйкатчыга жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылганын «Азаттык» басылмасы жазды.

«Ток менен бир саат бою кыйнашкан. Бул боюнча кат жибердим, азыркы учурда Аскер прокуратурасы ишти изилдеп жатат», — деди ал.

Ошондой эле акын ага тагылган айыптарга макул эместигин, видеодо бийликти басып алууга, башаламандыкка чакырык жасоого аракет кылбаганын билдирди. Анын айтымында, коомчулукка бийликтин калп айтып жатканын гана жеткирүүнү көздөп, президент кайрылууга реакция кылбаган соң видео жаздырган.

Акындын иши боюнча кийинки сот отуруму 28-майга белгиленди.

Жетиген 20-мартта камакка алынган. Ага «бийликти күч менен басып алууга» жана «массалык башаламандыкка акыруу» беренеси менен иш козголгону айтылган.

Акын 2021-жылдан бери бийликти сындаган видеолорду жарыялап келген. Айрыкча, кумар оюндарын мыйзамдаштыруу, желекти өзгөртүү, активисттердин камакка алынышы жана маданият тармагындагы реформаларга каршы пикирин билдирген.