Эрлан Шеров дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

Ал 90 кг салмактык категорияда күч сынашып, коло байге үчүн беттеште италиялык Кристиан Парлатини утту. Дзюдочу чейрек финалда кореялык атаандашы жаракат алып, жарым финалга чыккан. Бирок жарым финалда жапон спортчусу Гоки Тадзимага жеңилип берип, коло үчүн ат салышты.

Дзюдочу өткөн жылы Кытайда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынган болчу.

19-майда башталган Дүйнө чемпионаты 25-майда аяктайт. Ага 109 өлкөдөн келген 675 спортчу катышып жатат.