Президент блогердин уранды иштетүү боюнча видеосуна жооп кайтарды

Садыр Жапаров казакстандык блогер Анастасия Ахметованын Ысык-Көл облусундагы уранды иштетүү боюнча видеосунда айткандары «чындыкка дал келбей» турганын билдирди.

Видеодо Ахметова орусиялык саясат таануучу Никита Мендковичтин инсайдердик маалыматына таянып, «Ротшильддердин француз бөлүмү Кыргызстанда уранды иштетүү укугун алууга ынтызар» деп билдирген.

Ротшильддер - банкирлердин жана финансчылардын белгилүү европалык династиясы.

Блогердин айтымында, сүйлөшүүлөргө Британиянын Тышкы иштер министрлиги менен атайын кызматтары, ал эми кыргыз тараптан министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана анын орун басары Эдил Байсалов катышууда.

Президент бул видеону тышкы күчтөрдүн өлкөнү туруксуздаштыруу аракети деп атады. Анын айтымында, уранды казып алуу боюнча эч кандай иш пландалган эмес – титаномагнетит гана казылып алынат, анда урандын 0,17% гана болушу мүмкүн.

«Урматтуу мекендештер ак караны, дос душманды ажырата билиңиздер. Азыркы оомал төкмөл дүйнөдө интрнетке чыккан ар кандай маалыматтарды тыкыр талдап анан кабыл аласыздар деп кайрылып отурам. Тышкы душмандын айткан сөзүнө ишенбейли, алданбайлы. Биз баарыбыз өлкөбүздүн ички иштерине башкалардын аралашышына жол бербейли», — деди Жапаров.

Учурда парламентте уран кендерин иштетүүгө киргизилген мораторийди алып салуу боюнча мыйзам долбоору каралууда. Муну минкаб сунуштап, 2020-2023-жылдардагы экономикалык олку-солкулуктан кийин өлкө кирешенин башка булактарына муктаж деп эсептейт. Буга чейин бийлик Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол кенин торий жана уран кендери менен иштетүүгө ниеттенип жатканын билдирген.