ПРООН: Кыргызстан адамзатынын дарамети жогорку деңгээлде болгон өлкөлөрдүн катарына өттү

ПРООНдун басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылы өлкө Адамзаттын өнүгүү индексинде 117-орунга көтөрүлгөн. 2021-жылы Кыргызстан бул индекстин 118-орунунда турган, ал эми 2020-жылы 121-орунда болгон.

«Бул секирик улуттук дүң кирешенин (УДК) калктын жан башына 5,27%га өскөнү жана өмүрдүн күтүлгөн узактыгы 2021-жылы 69,89 жаштан 2022-жылы 70,48 жашка чейин көбөйгөнү менен шартталган», — деп билдиришти уюмдан.

УДКнын калктын жан башына өсүшү жана өмүрдүн күтүлгөн узактыгынын көбөйүшү айрыкча аялдардын арасында байкалганы белгиленет, бул, ПРООНдун пикиринде, «гендердик теңчиликти камсыздоодогу прогрессти көрсөтүп турат».

Адамзаттын дараметинин өнүгүү индекси — бул өлкөдөгү адамдын өнүгүү деңгээлинин жыйынды көрсөткүчү. Буга экономикалык гана көрсөткүчтөр эмес, саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу жашоонун сапатына жана адамдык капиталдын өнүгүүсүнө таасир эткен факторлор кирет.