Аскат Жетигендин абакта кыйноого кабылганын иликтөө уланууда

Бул тууралуу «Азаттык» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына таянып жазды.  

Анда Аскат Жетигендин арызы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ишти Аскер прокуратурасы териштирип жатканы айтылат. 

Ал эми 23-майда Жазаларды аткаруу кызматы «Клоопко» тергөө абагында отургандарга карата кыйноолорду колдонууга «таптакыр жол берилбесин жана алар укук коргоочулардын көзөмөлүндө экенин» айтып, «Аскат Жетигендин абакта кыйноого кабылганы чындыкка дал келбейт» деп билдирген. 

Андан сырткары Жетиген кыйноого кабылганы тууралуу «арыз жазбаганын» белгилешкен. 

Буга чейин, «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Массалык башаламандыкка чакыруу» беренелери менен айыпталып жаткан акын Аскат Жетиген 23-майдагы сот отурумунда, мекеменин кызматкерлери аны үч күн кыйноого алганын айтып, бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматына жана акыйкатчыга кайрылганын билдирген.