«Манас» аэропорту кызматкерлер эмне үчүн чет элдиктерге орой мамиле кылганын түшүндүрдү

Фейсбук колдонуучусу Алекс Егоров 23-майда аэропорттун кызматкерлери чет элдиктерди түртүп, чемодандарын тээп жаткан видеосун жарыялаган.

Аэропорттун басма сөз кызматы аталган жагдай боюнча Kaktus.media’га комментарий берип, чет элдиктер мекеменин эрежелерине баш ийбей келишкенин билдирди.

«Массалык түрдө пакистандыктар аба майданына келип, батпай калышты. ТИМден тизме келген. Бирок, аэропортто тизмеде бары да, жогу да жүрөт. Атайын эрежелер бар экенин түшүнүшпөйт. [...] Кызматкерлердин айткандарын түшүнбөй, бир аз катаалыраак мамиле кылууга туура келди», — деп айтылат билдирүүдө.

Акысыз чартердик рейстер уюштурулганы үчүн чет элдиктер аэропортко батпай, «каалаган жерине жатып алуу», «каттоо учурунда сары чийинди өтүү» сындуу көрүнүштөр 3-4 күндөн бери уланып жатканын белгилешти.

Аталган жагдайдан улам, аэропорттун ишинде кыйынчылыктар жаралып, башка учактардын кармалышына алып келген.

Бүгүнкү күндө аэропорттогу абал туруктуу. Маалымат Пакистандын элчилигине жеткенден кийин, атайын өкүлдөр аба майданга келип, мекеменин коопсуздук кызматкерлери менен биргеликте иш алып барып жатканы белгиленди.

13-майда Бишкекте бир нече кыргызстандык хостелдердин биринде жашаган чет өлкөлүк жарандар менен мушташып кеткен. Анын видеосу соцтүйүндөрдө тарап, бул 18-майда улуттар аралык тополоңго алып келген. Белгисиз адамдардын тобу чет элдиктер жашаган жатаканаларда тополоң салып, аларды сабап, баалуу буюмдарын алып кетишкен. Окуядан улам бери эле дегенде 41 адам жабыркаган. Көп өтпөй жүздөгөн пакистандык жумушчулар жана студенттер коопсуздугу үчүн Кыргызстандан массалык түрдө чыгып кете башташты.