Талас: Аялды жана эки баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү кармоо учурунда жок кылынды

Бул тууралуу 24-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 24-майга караган түнү 00:37 чамасында милицияга Талас облусунун Айтматов районунундагы Ак-Башат айылында адам өлтүрүлгөнү тууралуу билдирүү келип түшкөн. 

Жерине барган милициянын ыкчам тобу 27 жаштагы аялдын жана анын 4 жаштагы кызы менен 2,5 жаштагы уулунун сөөгүн табышкан. Алар күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. 

Окуя Айтматов РИИБде катталып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка далил катары сайсыз ок атуучу курал жана балта табылган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Окуяга шектүү катары буга чейин соттолгон ошол эле айылдын 52 жаштагы тургуну качып кетүүгө максатында тоодо жашынып жүргөн жеринен табылып, кармоо учурунда жок кылынды.