Аксыда селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аксыда сел жүрүп, айыл аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу 26-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 25-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттон чогулган сел суулар 56 турак жайдын короосун, анын ичинен 6 турак үйдүн жер төлөсүн, 4 турак үйдүн ичине каптап, 2 мал сарай урап калган.

«Жерине ӨКМдин жетекчисинин орун басары Эделбек Кулматов, облустук Жарандык коргонуунун башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган ыкчам топ тартылуу менен штаб түзүлүп, райондун акиминин №188-Б буйругунун негизинде айыл аймактык деңгээлдеги "Өзгөчө кырдаал режими" киргизилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары Сары-Челек айыл аймагында 3 ички көпүрө авариялык абалга келип, кооптулукту жараткан.

26-май күнү саат 14:00го карата Кара-Камыш айылында 56 турак үйдүн тазаланып бүткөнүн, ошондой эле Сары-Челек айыл өкмөтүнүн Аркыт айылында суу жууп кеткен тилкелер калыбына келтирилип, жол каттамында унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатканын кошумчалашты.