Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 30 миңге чукул чет элдик жаран бар

Абдиев 2024-жылдын төрт айында ИИМ мигранттарды мыйзамсыз алып кирүүгө байланышкан 90 кылмыш ишин иликтеп бүтүп, 81 иш сотко өткөнүн айтты.

Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын майына карата беш миңден ашуун чет өлкөлүк эмгектенүүгө уруксат алган. Ал эми ИИМдин маалыматы боюнча, өлкөдө Бангладештин 369, Пакистандын 6223 жана Индиянын 5376 студенти окуйт.

18-майга караган түнү Бишкекте улуттар аралык мүнөздөгү тополоң чыккан. Андан кийин көп өтпөй эле пакистандын жүздөгөн жумушчулар жана студенттер коопсуздугун ойлоп, өлкөдөн чыгып кеткен.