Ошто аял күйөөсү өлтүрөм деп коркутуп жатканын билдирди, милиция териштирүүдө

Ош шаарынын тургуну Акмарал аны жолдошу 7 жылдан бери сабап, коркутуп, ажырашса өлтүрүп кетиши мүмкүн экенин билдирди. Ал бул тууралуу 25-майда өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.

«Жолдошум мени турмуш кургандан бери дайыма сабайт. Көбүнчө балдарымдын көзүнчө ушундай болуп, балдарга да ырайымсыз мамиле кылат. Баламды сабап салган учурларда ага жардам бере албаганым үчүн өзүмдү жек көрөм. Жада калса кызымды да сабайт. Акыркы бир жылдан бери мен жашоом үчүн олуттуу корко баштадым», — деди ал.

Ошондой эле аял ажырашкандан кийин жолдошу аны өлтүрүп кетерин, буга чейин да өлтүрүү аракети болгонун жазды.

«Ал мени балдарымды алып коёрун айтып коркутуп жатат. Мен өз өмүрүм үчүн корком. Азыр ооруканадамын, атүгүл ата-энемдин үйүнө баруудан корком. Мага коргоо керек. Аны ата-энелик укугунан ажыратып, балдарым менен алыска кетким келет. Мен коопсуздукту сезбейм», — деди жабырлануучу.

Милициядан аял да жолдошу да арыз жазганын билдиришти. Маалыматка ылайык, аял милицияга жолдошу зомбулук көрсөтүп жатканын айтып кайрылган.

Учурда аялдын жарааттык деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери уланууда.