Жалал-Абад: Милиция чет өлкөлүк студент кызды коюп кеткен айдоочуга иш козгоду

Бул тууралуу 26-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, 14-майда Жалал-Абад облусунда «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Жабырлануучу Индиянын жараны оор абалда ооруканага жеткирилген.

Факты боюнча «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

25-майда окуяга шектүү айдоочу кармалып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

«”Жазыктык куугунтуктоону ишке ашыруу милдети” беренесине ылайык, эгерде аталган кылмыш иши көз каранды же өз укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой албаган алсыз адамга карата жасалса, тергөөчү, прокурор жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жок болгон учурда да кылмыш ишин козгойт», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, 23-майда фейсбук колдонуучусу Раушан Айткулова аталган окуя боюнча президентке кайрылып, абалды көзөмөлгө алууну суранган.

Анда ал, Жалал-Абад университетинин медицина факултетинин студенти, индиялык Тарнам Кханды бир нече күн мурда унаа коюп кетип, башына операция жасалгандан кийин, комада жатканын айткан.

«Таң калычтуусу азырынча милиция кылмыш ишин козгой элек. Себеби – жабырлануучу тараптын арызы жок. Мен бул нормалдуу эмес деп ойлойм. [...] Ал көп жашабашы мүмкүн. Мүмкүн ал майып бойдон калаар. Анын өмүрүн, ден соолугун, коопсуздугун, укугун ким коргойт?» — деп билдирүү калтырган Айткулова.