ЖК комитети уран жана торийди казууга тыюу салган мораторийди жокко чыгарууну колдоду

Жаратылыш министри Мелис Тургунбаевдин айтымында, алар айлана-чөйрөгө терс таасирди минималдаштыруу үчүн уран жана торий казуунун заманбап технологияларына көз салышат.

Уран жана торийди казууга тыюуну жокко чыгаруу идеясы Минкабга таандык. Ал 2020-2023-жылдардагы окуялардын оор экономикалык кесепеттеринен улам өлкө тез арада кирешенин башка булактарына муктаж деп эсептейт. Февраль айынын ортосунда бийлик Кызыл-Омпол кениндеги торий жана уранды иштетүүнү көздөп жатканы белгилүү болгон.

Кызыл-Омполду иштетүү маселеси 2019-жылы талкууланган болчу. Анда Ысык-Көл облусунда жана Бишкекте уран казууга каршы нааразылык акциялары өткөн. Ошол эле жылдын декабрында экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда уран жана торий кендери казууга тыюу салган мыйзамга кол койгон.