Бул тууралуу көз карандысыз медициналык профсоюз уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова билдирди. Анын айтымында, 30-декабрда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө бейтаптын тууганы нөөмөттөгү дарыгерди сабап, тепкилеп, чачын жулуп салган. Натыйжада жабырлануучу башынан жабык жаракат алып, мээси чайкалган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту кол салган аялга 30 миң сом айып салган.
«Бирок, жаш дарыгер дагы эле стресс абалында жүрөт, жумуш ордунда уруп-сабоо, кемсинтүүгө туш болгонун дагы деле кабылдай элек. Жабырлануучуну 30 миң сом айыппулдун өлчөмүнө нааразы. Мамлекет үчүн болсо да», - деди Барыктабасова.
Ал ошондой эле жабырлануучу компенсация үчүн сотко жарандык доо арыз менен кайрыла турганын кошумчалады.