Бишкек: Мэрия мектептерде сабакты 8ден эрте баштоону сунуштады

Бишкек мэриясы токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Документте «Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында сабактар саат 10дон эрте башталбай тургандыгы белгиленсин» деген пункт бар. 

Мэрия бул «жолдордогу тыгындарды жоюу жана балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл» деп билдирди.

Муниципалитет борбор калаадагы мектептерде окуучулар толуп, айрымдарында балдар үч нөөмөт менен окутулуп жатканын, мындай мектептерде акыркы сабак саат 19:00дө аяктаарын белгилейт. Калаа бийлиги мектеп убактысынын башталышынан жана аяктоосунан унаалар туура эмес токтоп, тыгынга алып келип жатат деп эсептейт.