Бишкектеги тополоң: РИИБдин башчысы баштаган он милиционер кызматынан айрылды

Ички иштер министрлигинде 13-18-майда борбор калаада болуп өткөн окуялар боюнча кеңешме өттү. Жыйынтыгында РИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов баштаган 10 кызматкер кызматынан бошотулду. Дагы 20 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Абитов буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин башчылыгынан бошотулуп, Свердлов райондук башкармалыгына башчы болуп дайындалган.

Ал Жалал-Абаддагы кызматынан 27-мартта милиция Кочкор-Атанын тургунун күч колдонуп кармап жатканда атасына болушкан баласы сабалгандан кийин апрелде кызматтан бошотулган.Анткен менен эртеси эле ал Бишкектин Свердлов РИИБге жетекчи болуп келген.

Ага чейин ал Ош облустук милициясын жетектеген.

13-майда Бишкекте бир нече кыргызстандык хостелдердин биринде жашаган чет өлкөлүк жарандар менен мушташып кеткен. Анын видеосу соцтүйүндөрдө тарап, бул 18-майда улуттар аралык тополоңго алып келген. Белгисиз адамдардын тобу чет элдиктер жашаган жатаканаларда тополоң салып, аларды сабап, баалуу буюмдарын алып кетишкен. Окуядан улам бери эле дегенде 41 адам жабыркаган.

Милиция тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалып, «Бейбаштык» жана «Массалык башаламандыктар», «Тоноо», «Каракчылык» жана «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.