Свердлов РИИБдин жаңы башчысы болуп Уланбек Аалиев дайындалды

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, кызматка дайындоо жөнүндө буйрук соттун мурда ээлеген кызмат ордуна калыбына келтирүү же ага теңештирилген кызмат ордун берүү жөнүндө чечимин аткаруу максатында чыгарылган.

Буга чейин Аалиев борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

2021-жылы көп балалуу жалгыз бой энеден ири суммадагы акча талап кылууга шектелип кармалган.

Ага «Кыйноолор», «Опузалап пара алуу», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен иш козголгон. Аскер прокуратурасы Аалиев «ИИМдин айрым адамдары менен сүйлөшүп алып, аялга бир нече жолу психологиялык жана моралдык кысым көрсөткөн» деп билдирген.

Кийин үч инстанциянын тең соттору, анын ичинде Жогорку сот Аалиевди «кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу» реабилитациялоо укугу менен актаган.