Кыргызстандан президенти Садыр Жапаров өзү башкарган өкмөттүн жетишкендиктерин даңазалоо үчүн бир катар дымактуу долбоорлорду баштаганы менен, мамлекеттин чыгымдарынын эсеп-кысабынын айкындуулугун кескин азайтып салды. Көшөгө артында бул долбоорлорду өлкө башчынын жакын адамдарына тийиштүү компаниялар ишке ашырууда.

Иликтөөнүн өзөгү:

  • Журналисттер наркы 137 млн доллардан кем эмес, өкмөт демилгелеген кеминде 11 ири долбоорду аныкташты. Долбоорлорду Жапаров көзөмөлдөгөн орган — бийлик алмашкандан кийин олчойгон ыйгарым жана таасирге ээ болгон Президенттин иш башкармалыгы жетектейт.
  • Алты долбоордун баасы 137 млн АКШ долларын түзгөн. Калган беш долбоорго канча каражат бөлүнгөнү белгисиз
  • Журналисттер ушул долбоорлорду ишке ашырууга келишим түзгөн беш компанияны дагы аныктап чыгышты. Бешөө тең өз ара катыштыгы бар, жетекчилиги же менчик ээси Жапаров же Президенттик иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев менен байланышы бар.
  • Маалымат булактары OCCRP’ге Туманбаев бул компанияларды жашыруун башкарарын билдиришти.
окуяны жебени басып жылдырыңыз

2022-жылдын апрелинде, Садыр Жапаров президенттик тактыга отургандан кийин бир жарым жыл өткөн соң, ага өлкөнүн мамлекеттик сатып алуулар системасы жакпай турганын билдирген.

«Эч кам санабаңыздар, — деп ишендирген ал элди фейсбук барагында, жакында өзгөрүүлөр болорун жарыялап. — Мындан ары коррупциясыз иш алып баруучу механизмдер ишке кирет».

Кандай механизмдер экенин айткан эмес, бирок маселени «жеке көзөмөлүнө» алганга чейин өлкөдө сапаты «начар», курулушу кымбатка турган мектептер салынып келгенин жазган.

Бийликке келгенден кийин Жапаров ушуга чейин Кыргызстанды натыйжасыз башкарып келишкенин кайталап айтып жүрдү. Мамлекеттик сатып алуулардын эрежесин «баш оору» деп атады. Өзү процессти иретке келтирип, «өзү жоопкерчиликти алып», айтор майнап чыгарып атканын баса белгилеп көрсөтүп атты. 

Бирок эксперттер жана байкоочулар, Жапаров аны конституциялык өзгөртүүлөр аркылуу да кылганын, бул ага өкмөттү башкарып, министрлерди дайындап, парламентке түздөн-түз мыйзамдарды сунуштаганга жол ачканын айтып келишет.

Кыргызстандын саясий сахнасынын ардагери болуп калган Жапаров жергиликтүү аткаминерди барымтага алганы үчүн түрмөдө отурган. 2020-жылдын октябрында Кыргызстанда өкмөттүн жана президенттин отставкасына алып келген массалык толкундоолор башталган. Бул толкундоолордун шартында Жапаров тарапташтары тарабынан абактан бошотулуп, бийликке келген.  

Ага чейин Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен салыштырмалуу ачык саясий климаты, жаркыраган медиачөйрөсү жана жигердүү жарандык коому менен айырмаланып турчу. Бирок Жапаров болгон бийликти бир колго топтоп, мунун баарын алеки заматта жок кылды дешет сынчылар менен аймактык серепчилер. 

«Ал парламенттин, аны менен кошо саясий партиялардын ролун алсыратып, өзүнүн жеке бийлигин, администрациясы менен аткаруу бийлигинин таасирин күчтөш үчүн Конституцияны өзгөрттү», — деди Talk Eastern Europe’тун жакында эле чыккан подкастына курган маегинде Кыргызстан боюнча эксперт жана Жорж Вашингтон Университетинин илимий кызматкери Асел Дөөлөткелдиева. 

«Андан кийин коомчулукту сүйлөтпөйм деп чечти. Эми жарандарга күлкүлүү нерселер үчүн да өкүм чыгууда, мисалы, соцтармакка маалымат жарыялаганы үчүн. Айыпсыз жаңылыкты жайгаштыргандар беш жылга чейин соттолуп кетиши мүмкүн». 

Жапаровдун демилгелеринин арасында 2022-жылдын апрелинде фейсбукка жазган мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөр да бар. Ага ылайык, мамлекеттик ишканалар товарлар жана кызматтарды тендер өткөрбөй эле, жеткирип берүүчүдөн же жалданмачыдан түз, өзү билгендей эле сатып алса болот. Мурдагыдай жеткирип берүүчүлөр же жалданмачылар тууралуу маалымат жарыяланбай калган. Өкмөт мамлекеттин чыгымдары жөнүндө кеңири маалымат алуу булагын болжолу ошол эле убакта дароо жапкан: мурда ал журналисттер дайым колдонуп келген «Ачык Бюджет» сайтына жайгаштырылып турчу.

Бул өзгөрүүлөрдөн улам бир заматта коомчулук мамлекеттик чыгымдарды жетишерлик көзөмөлдөй албай калды. Натыйжада жарандык коомдун топторунун коалициясы, ал тургай Эл аралык валюта фондусу коррупция көбөйөт деген тобокелдикти эскертип жатты.

Бир эле учурда президенттин тикелей көзөмөлүндөгү маморгандын — Президенттин иш башкармалыгынын таасири оңбогондой күчөтүлдү. Расмий алганда бул органдын иши президентке «финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык, рекреациялык жана медициналык колдоо» көрсөтүү. Бул кызматтардын айрымдары парламент менен министрлер кабинетине да тийиштүү. Мурда иш башкармалык ушул милдеттерди аткарчу. Бирок Жапаровдун бийлигинин тушунда ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилди. 

Бир канча дымактуу улуттук долбоорлорду жетектөө вазыйпасы жакында эле дайындалган башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаевге ыйгарылды: бул долбоорлор Жапаров башкарып турганда өлкө канчалык өнүгүп жатканын көрсөтүшү керек болгон. Алар: президенттин жаңы хансарайы, Караколдогу аэропорттун жаңы имараты жана анын учуу-конуу тилкесинин кеңейтилиши, Ала-Арча улуттук паркындагы туристтик инфраструктура жана Бишкектеги турак жай долбоорлору. 

Аэропорттон башка бир дагы долбоорго ачык соодалашуу болгон жок, аба майдандын ишинде гана Жапаров өзү тендерди токтотту — президент чиновниктер ишин өтө эле кымбат баалаганын билдирди. 

Өлкө башчы мындай чечимин Kabar.kg. мамлекеттик маалыматтык агенттигине чечмелеп берди.

«Өлкөдөгү бардык аэропортторду оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ички аба каттамдарды жандандыралы деп 2021-жылы аэропорт жетекчисине тапшырма берген элем. Бир күнү эмне болуп атат тактайынчы деп сурап калдым. “Эртең тендердин акыркы күнү, тендер жарыялаганбыз” деп маалымат берди. “Ээй токтоп тур, кайсы суммага жарыя кылдыңар эле. Сметасын алып келчи мага” деп териштирип көрсөм, бир эле Караколдун аэропортун оңдоо ишине каралган каражаттан 10 млн долларга жакын сумма ашыкча болуп чыкты. Дароо тендерди токтотуп калдык… Азыр өзүбүз куруп жатабыз. 10 млн доллар мамлекеттин акчасын сактап калдык», — деген президент.

Бирок Жапаров аэропортту ким курарын, аны курганга канча акча кетерин айткан эмес. 

Мамлекеттик каржылоо жаатындагы эксперт жана Финансы министрлигинин алдындагы Коомдук кеңештин мурдагы төрагасы Бакыт Сатыбеков Караколдогу аэропорт сыяктуу оор инфраструктуралык долбоорду тажрыйбалуу, аброю таза жалданмачылар куруп, документтери коомчулукка ачык жана түшүнүктүү болушу керек деп эсептейт. 

«Курулуш иштерин атайын адистештирилген курулуш компаниялары жүргүзүшү керек…Кантип өздөрү кылып атканын, билбей турам. Анын үстүнө, баары бир деле тышкы түзүүчү тарабынан иштелип чыккан долбоордук-сметалык документация болушу керек», — дейт ал. [Иштеп чыгуучу] иштин аткарылышын көзөмөлгө алат — бул техникалык коопсуздукка караган маселе»— дейт Сатыбеков. «Бул эми сарай куруу эмес да».

Жапаров, Туманбаев жана Президенттин иш башкармалыгы журналисттердин бул материал үчүн кеңири суроолоруна жооп беришкен жок. Каракол аэропортунун жетекичлиги, ошондой эле иликтөөөдө аты аталган башка компаниялардын ээлери дагы суроолорго жооп беришкен жок.

Каныбек Туманбаев — Атамбаев жана Жээнбековдун адамы

Жапаров аны иш башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындаганга чейин, Туманбаев Кыргызстандын мурдагы эки президентинин көшөгө артындагы таянычы болгон.
2015-жылы Түманбаев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «Социал-демократтар» партиясынан парламент депутаттыгына талапкерлигин койгон. Партиялык тизмеде ылдыйкы орунда болгондуктан ал креслого илинген эмес. Бирок Атамбаев менен жакын мамиледе калганынын белгилери бар. Корпоративдик документтерге караганда, Атамбаев 2017-жылы кызматтан кеткенден кийин мурда Туманбаеге таандык болгон эки телеканалды өзү башкарып калган. Компаниялардын биринде жетекчилик түзүмү кандай экенин билген булак, жашыруун шарты менен журналисттерге Туманбаевди кеңседегилер Атамбаевдин ишенимдүү адамы катары кабыл алышарын айтып берген.
Туманбаев Атамбаев тактан кете электе эле анын мураскери менен — болочок президент Сооронбай Жээнбеков менен алакасын бекемдей баштаган. 2017-жылы президенттик шайлоо өнөктүгүндө Жээнбековдун штабында иштеп, 2020-жылы кайрадан парламентке келүүгө аракет кылган. Бул ирет бийликчил «Биримдик» партиясына кирген.
Бул жолу дагы парламентке өтпөй калса да, көпкө кейип отурган эмес. 2020-жылы октябрда шайлоодогу фальсификация тууралуу күмөн ойлор кызып отуруп, натыйжада шайлоонун жыйынтыгына нааразылыктар бийликтин алмашуусу менен аяктаган. Жапырт башаламандыктар Жээнбековдун өкмөтүн отставка кетүүгө аргасыз кылып, бийликке Садыр Жапаров келген. Бир жарым жылдан кийин Каныбек Туманбаев Президенттин иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

Бул долбоорлор тууралу жазган жергиликтүү журналисттер коркутууларга кабылышкан. Коркутуулар менен эле чектелсе кана.

2023-жылы сентябрда «Азаттык Радиосу» Туманбаев президентке жаңы хансарай куруп жаткан жалданма компанияга тиешеси бар экенин жазып чыккан. Анда мамлекеттик каналдар бул репортажды ачуу сынга алып, ЖМКны фактыларды «бурмалады» деп айыпташкан.

Ал эми Президенттин иш башкармалыгынын долбоорлорун иликтеген OCCRP’нин өнөктөшү Temirov Live’ды жаап тынышкан. Жыл башында, басым-кысым күчөп турганда, Темировдун командасындагы азыр иштеген жана мурда иштеп кеткен жалпы 11 журналистке массалык башаламандыктарга чакырган деп айып тагылган. Айыпталып жаткандардын кээ бири дагы деле темир тор артында, соттук териштирүүнү күтүп отурушат.

OCCRP’нин репортёрлору булардын ишин аягына чыгаруу максатында Temirov Live жана «Клооптогу» кесиптештери менен бирикти. Биз биргелешип Президенттин иш башкармалыгы алып барып жаткан 137 млн доллардан кем эмес турган 11 долбоорду аныктады. Жалданмачыларды Кыргызстанды каптаган мамлекеттик сырдын көшөгөсү жашырып турат.

Репортёрлор алты гана долбоордун баасын аныктай алышты, ал 137 млн долларды түздү. Калган беш долбоордун наркын аныктоо мүмкүн болгон жок.

Репортёрлор долбоорлорго кайсы компаниялардын тиешеси бар экенин аныктоого аракет кылышты. Азыр сатып алуулар жөнүндө расмий маалымат алуу мүмкүн эмес болгону менен, журналисттер топтоого мүмкүн болгон бардык маалыматтарды, анын ичинде негиздөөчүлөр жөнүндө документтер менен кадастр китептерин тыкыр изилдеп чыгышты. Алар бул компанияларга ээлик кылышы же башкарышы мүмкүн болгон адамдардын соцтүйүндөрдөгү билдирүүлөрүн кошо талдап, алардын жана Туманбаевдин ортосундагы көптөгөн байланыштарды табышты. 

Акыры, Туманбаев башкарып турган Президенттин иш башкармалыгы кандай иштеп атканын билген адамды таап чыгышты. Көптөгөн интервьюлар учурунда коопсуздугу үчүн атын атоодон баш тарткан инсайдер бул долбоорлор ичинен кандай иштей турганын айтып берди. 

Анын айтымында, маанилүү мамлекеттик долбоорлордун арасынан кээ бири Туманбаевдин айланасындагы адамдарга баш ийген, ал тургай кээде Жапаровдун өзүнүн жакындарына караштуу компанияларга ишке ашырууга берилген. Инсайдердин айтымында, бул компанияларды реалдуу түрдө Туманбаев көзөмөлдөйт. Алардын нак директорлору менен акционерлерине тек гана Туманбаев өзү табыштама берип турат.

«Каныбек [Туманбаев] [ишенимдүү адамы делген] Баатырбекке [Жантаев] тапшырмаларды гана берип турат, ал эми Баатырбек аларды аткарат», — дейт инсайдер. — [Туманбаев] “Бул же тигил кишини директор кылып дайындагыла” деп коёт, болду, тигил болсо ошондой кылат».

Туманбаев комментарий берүү боюнча суранычка жооп берген жок.

Кээде инсайдер журналисттер чын-бышыгын текшерип, ынана ала турган жаңы маалыматтарды берип атты, кээде болсо кабарчылар документтерден же соцтүйүндөрдөгү билдирүүлөрдөн аныктап койгон нерселерди тастыктап атты. 

Мисалы, Каракол шаарынын аэропорту дал ушундай болду. Президент тендерди жокко чыгарып, «өзүбүз куруп жатабыз» деп билдиргенде ишти аткара турган компания жөнүндө эч бир маалымат чыгарбай коюшкан эле.

Бирок инсайдер анын аталышын айтып берди: «Ал “Сапат Жол” деген компания», — деди ал. — Ал жакта Темирлан иштейт. Фамилиясы эсимен чыгып кетти».

Ал Темирлан деген Туманбаевдин жакын үзөңгүлөшүнүн тууганы, жаш жигит экенин түшүндүрдү. « [Аэропортто] бүт ошол кылып жатат», — деди ал.

Репортёрлор ал Темирлан Жуманазаров деген киши экенин аныктап, анын изине түшкөн. Кийинчерээк алар аны Туманбаев аэропорттун курулушу жүрүп жаткан жерге барганда чиновниктин жанында туруп сүрөткө түшкөндө байкап калышкан.

Андан соң мамлекеттик телеканал курулушта иштеген жумушчулардын бири менен интервью чыгарган, субтитрлерде ал «Сапат Жол» компаниясынын жумушчусу экени көрсөтүлгөн.

Компаниянын аталышын тактаган соң, журналисттер аны Президенттин иш башкармалыгынын карамагындагы мындан да кеңири компаниялар түйүнү менен байланышын таап чыгышты.

«Кыргыз темир жолунда» иштеген дагы бир ички булак башка сюжеттеги «боштукту» толтурганга жардам берди. Анда коомчулуктун көзүнөн кайым болуп кеткен мамлекеттик долбоорго байланыштуу кеп болот. 

2021-жылы «Кыргыз темир жолу» республиканын түндүгү менен түштүгүн бириктире турган маршрут куруу үчүн темир жол шпалдарын чыгарган жаңы завод куруп жатканын билдирген.

«Кыргыз темир жолу» анда жаңы объект мамлекетке таандык болорун, ал «башка уюмдардын кызматынан көз карандылыкты азайтуу» үчүн өлкөнү биринчи жолу өзүнүн темир жол шпалдарын чыгарган «өндүрүштүк базасына» ээ кыларын айткан.

Бирок ички булак долбоорго көбүрөөк көңүл бурууну сунуштады.

окуяны жебени басып жылдырыңыз

Үстүбүздөгү жылдын башында, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги завод «Евро Шпал» компаниясына таандык экенин тастыктаган. 

Алар өндүрүштү ким каржылап жатканы, кандайча менчик колго өтүп кеткени тууралуу айтышкан эмес. «Кыргыз темир жолунан» болсо журналисттерге аталган ишканага эч кандай тиешеси жок экенин, андыктан суроолорго да жооп бере алышпасын айтышкан. 

Бирок «Кыргыз темир жолунун» кызматкери өндүрүш мамлекеттин эсебинен курулуп, андан соң «Евро Шпал» компаниясына өткөрүлгөнүн айтып берди.

«Заводду мамлекеттин эсебинен курушмак», — деди ал. — Ага мамлекеттин сырьёсу колдонулмак. Завод даяр болгондо жеке компанияга өткөрүп беришмек» 

Мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырган дагы төрт компания дагы ушундай эле схеманы ээрчийт.

Алардын экөө, «Евро Шпал» сыяктуу эле чала белгилүү адам тарабынан катталып, андан соң Туманбаев жана Жапаров менен байланышы бар адамдарга өткөрүлгөн. Дагы экөө көптөгөн ар башка ээлери аркылуу өткөн, алардын арасында Туманбаев менен байланыштагы бир нече адам болгон.

Бул компанияларга Жапаровдун түз тиешеси бар деген айкын далилдер жок, бирок алардын баары өлкө башчынын туугандары менен Президенттин иш башкармалыгынын башчысына байланышкан. Өз кезегинде, мунун баары, мамлекеттик ири долбоорлорго келишимдер кандайча бөлүштүрүлүп жатканы боюнча көп суроо пайда кылат — айрыкча эми Кыргызстанда ачык-айкындык жетишпей турганын эске алганда.

Бирок бардык беш компания тең өз ара бири-бири менен байланыш.

окуяны жебени басып жылдырыңыз

«Бул канча турат?»

Иликтөө учурунда репортёрлор ачык булактардагы маалыматтарга таянышты, мисалга, мамлекеттик келишимдер тууралуу маалымат азыр коомчулукка ачык болбой калгандыктан соцтүйүндөргө чыккан маалыматтар алынды. 

Temirov Live басылмасынын негиздөөчүсү, бул иликтөөдө OCCRP’нин өнөктөшү Болот Темировдун айтымында, Кыргызстанда  журналисттер тапкыч болгонго аргасыз, себеби өлкөдө репрессиялар күчөп, ачык-айкындык жоголуп барат.

«Мамлекеттик ишканалардын сатып алууларынын эбегейсиз бөлүгү көздөн жарышырылган, ал эми иликтөө жүргүзүп, маалымат менен бөлүшүп, жаңылык жазган журналисттер массалык куугунтукка кабылып жатат. Бул коркунучтун атмосферасын жаратууда», — дейт ал.

«Мындай шартта маалымат таап, аны тастыктап-бышыктоо кыйла оорлоду. Андыктан маалымат булактар, инсайдерлер, соцтүйүндөр жана маморгандардан маалыматты түз суратуунун ролу жогорулады».

Мамлекеттик долбоорлор тууралуу толук маалыматтар жок болуп аткан шартта суроолорго жооп табыш үчүн соцтармактарга кайрылгандар бир эле журналисттер эмес. Ал эмес, парламент депутаттары да мамлекет эмне кылып атканы тууралуу маалыматтардын аздыгы аларды түйшөлтүп жатканын айтып жүрүшөт. 2022-жылы депутат Дастан Бекешев Бишкектеги мектептерди куруп жаткан компания кимге таандык экенин сурап, өкмөттөн жооп ала албаганын фейсбукка жазган. 

«Юстиция министрлиги жашыргыдай же сизге жакын компания тууралуу маалыматты бурмалагыдай бул канча турат же ал үчүн ким болуш керек?» — деп сураган Бекешев өзүнүн баракчасында.

Жада калса, курулуш кызматкерлери деле, аларга төлөп берген компаниялар тууралуу эч нерсе деле билбейт сыяктанат. 

Алсак, Жыргалаң курортун реконструкциялап иштеп жүрүп андай жагдайга кабылган жумушчулар Жапаровго TikTok аркылуу кайрылуу жолдошкон. 

«Коттеждердин баарынын бетонун куюп, баарын бүтүргөнбүз. Бизден кийин иштеп кеткендер акчаларын алыптыр, биз болсо ала албай жатабыз, төрт айдан ашып, беш айга жакындап калды, — деген видеододо кесиптештеринин жанында турган куруучу. — Биз аябай эле сабыр менен күттүк, алдап келе жатышат. Кайсы фирма экенин да [билбейбиз], чоңдорго да чыга албайбыз… [Алар] 5 млн сомдой карыз болуп кетти [бизге]».

Мамлекеттик келишимдер жашыруун болуп калды, бирок айрым маалыматтар кээде жарыяланат, мисалы расмий сайттарга чыккан өкмөттүк жарлыктар жана токтомдор. Мындай жарлыктардын бири, 2023-жылы августта жарыяланып, коомдо чоң резонанс жараткан. Анда президенттин жаңы хансарайын куруп аткан компания Бишкектин түштүк бөлүгүнөн үч жер тилкесин ала турганы айтылган. «Азаттык» радиосу маектешкен эксперттердин эсеби боюнча, жер тилкенин баасы 77 миллион долларды чапчыйт. 

«[Биз] курулушту баштоо үчүн бюджеттен канча каражат бөлүнгөнүн алигиче билбейбиз… [бирок] уксаңар силердин жүрөгүңөр кармап калышы мүмкүн, — деп жазган активист-депутат Бекешев, жарлык жарыялангандан кийин. — Сиздердин ден соолугуңарды ойлоп, президенттик хансарайдын курулушунун чыгымдары жашырылган».  

Жарлык хансарайды салып аткан компаниянын атынын ачыкталышына да жардам болгон: ал биз бул иликтөөдө Президенттин иш башкармалыгынын тармактарынын бири бөлүгү катары атаган жанагы «Иншаат Строй Билдинг» деген компания.

Бирок «Иншаат Строй Билдингдин» артында чындыгында ким турары абдан маанилүү. «Азаттык үналгысы» аны Туманбаеге жакын адамдар менен байланыштыра алган, бирок компанияны долбоор үчүн кантип тандап алышканы азыркыга чейин түшүнүксүз. «Бирок ошол эле маалда курулуштун баасы канча жана аны салып аткан “Иншаат Строй Билдинг” менен кандай шартта келишим түзүлгөнү эмнеге ачыкталбайт?» — деп суроо салышкан журналисттер. 

Кыргызстандык белгилүү укук коргоочу Лейла Сейитбек мамлекеттик чыгымдарды жашыруу аракети менен өкмөттүн эркин медиага каршы кампаниясынын байланышын белгилейт. 

«Алар силер азыр жазып аткан маалыматтар тарап кетпесин деп журналисттерди куугунтукка алып жатышат, — дейт ал. — Эч ким укпасын. Эч ким жазбасын деген максатта». 

Бул материалды даярдоого кыргызстандык башка журналисттер да катышты, алардын аты-жөнү Кыргызстанда репрессиялар уланып жаткандыктан жана коопсуздук үчүн ачыкталбайт.