Ататүрк паркынын чыгыш тарабындагы курулуштарды бузуу иштери башталды

Бул тууралуу 28-майда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Малдыбаев көчөсү, 69 дарегинде узундугу 86 метр болгон тосмо демонтаждалууда. Андан тышкары 14 метр узундуктагы чатыр алынат.

«Жашоочулар №104/1 дарегиндеги 4 кабаттуу үйдүн айланасындагы тосмону өз ыктыяры менен бузуу иштерин баштады. Бул тосмо муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган», — деп айтылат билдирүүдө.

Мекемеден ушул тапта сотко 41 доо арыз жөнөтүлгөнүн кошумчалашты.

Мэрия парктын аймагын калыбына келтирип, ал жердеги үйлөрдү 20-майдан тарта сүрдүрүүнү чечкен. Бирок ал күнү аталган аймактын жашоочулары митингге чыккандан соң сүрдүрүү иштери кийинкиге жылдырылган.

Ататүрк паркынын аянтын 1992-жылдагы калыбына келтирүү жөнүндө токтомго 12-апрелде кол коюлган. Шаар бийлиги паркка 43 гектар жерди кайтарып, мыйзамсыз курулган 100дөн ашуун объектти сүрдүрүү пландалып жатканын билдирген.