Бул тууралуу жактоочу Нурсултан Жаныбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, ишти Бишкек шаардык сотуна өткөрүп берүү боюнча даттанууга аракет кылышкан, бирок прокурор бул чечимге даттанууга болбой турганын билдирген.
Жаныбеков иш Ленин райондук сотуна түшкөндөн кийин он күндүн ичинде алдын ала сот отуруму дайындалышы керектигин кошумчалады.
Журналисттердин иши карала турган Биринчи май райондук соту иштин өткөрүлүшүн «кылмыш Бишкектин Ленин районунун аймагында башталып, аягына чыкканы» менен түшүндүргөн.
Темиров Live каналынын азыркы жана мурдагы 11 журналисти 16-январда кармалган. Алардын тогузу «башамаламандыкка чакырууга», ал эми долбоордун жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен журналист Актилек Капаров бул чакырыктарды «уюштурууга» айыпталып камалган.
Кийинчерээк сот камалгандардын айрымдарын эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына бошоткон. Азыркы тапта Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков дагы эле тергөө абагында.